14 сен 2014 (OFF) muslim_2015
Жин шайтандардын ааламы
Жиндердин ааламы адамдардын ааламынан
айырмаланып, башка ааламды түзөт. Бирок
жиндер менен адамдардын ортосунда
окшоштуктар дагы бар. Мисалы: ой жүгүртүү,
каапыр- мусулман болуп, жакшы жол менен
жаман жолду тандоо, тамак-аш жеп,
суусундуктарды ичүүдө, эркек-ургаачы болуп,
жыныстык жол менен кошулуп, тукумдарын
көбөйтүүдө жана бир Аллахка гана сыйынып,
ага шериктерди кошпоодо алар дагы
адамдардай эле милдеттүү. Аллах айтат: "Мен
жиндер менен адамдарды өзүмө гана ибадат
кылуулары үчүн жараттым" Зарийат:56.
Бирок, алар адамдардан бир нече сыпаттар
менен айырмаланат. Мисалы: жиндердин
баштапкы жаралышы оттон, адамдар болсо
топурактан, жиндер аркандай түзүлүштөргө
өзгөрүлө алат, анткени аларда туруктуу дене
жок, ал эми адамдар бир калыптуу. Аллах
айтат: " Албетте, Биз инсанды шыгыраган
кургак чоподон жараттык. Ал эми жиндерди
андан (адамдан) мурун түтүнсүз кызыган
оттон жараттык" Хижир:26-27.
Муслимдин хадисинде Аиша энебизден
рибаят: Мухаммад (Аллах Ага дубай
саламдарын жолдосун!) айтты: "Периштелер
нурдан жаралган, жиндер - түтүнсүз кызыган
оттон жаралган, ал эми адам силерге кантип
баяндалса, ошол нерседен жаралган".
Жин деп аталып калгандарынын себеби:
Жин деген сөз арап тилинин (ижтинан) деген
сөзүнөн келип чыккан, мунун мааниси - жалпы
адамдардын көздөрүнө көрүнбөгөн зат
дегенди түшүндүрөт. Ошентип алар бизди
көрөт, бирок биз аларды көрө албайбыз Аллах
айтат: "Ал (Иблис) жана анын (жин
шайтандардан болгон) тобу силерди, силер
көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында,
Биз шайтандарды ыйман келтирбеген
адамдарга санаалаш-дос кылып койдук"
Аараф:27.
Жиндердин түрлөрү:
Пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай
саламдарын жолдосун!) айтты: "Жиндердин үч
түрү бар: биринчи түрү - асманда учуп жүрөт,
экинчи түрү- жылаандар менен иттер, үчүнчү
түрү - ар жерлерде саякаттап жүрүүчү
жиндер" Табрани, Хаким, Бейхакий: "Асма ва
Сифат" деген китебинде баяндайт. Бул
хадисти Албани туура деген "Сахих Ал-Жами"3
т, 85 б.
Бул хадисте жылаандар менен иттер деген
сүйлөмдүн түпкү мааниси - сойлоп жүргөн
жылаандар менен иттердин баардык түрлөрүн
жиндер деп айтууга болбойт. Жиндерге гана
тиешелүү жылаандар менен иттерди
пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын
жолдосун!) сөз кылып жатат. Ошентип анын
башка айтылган хадистери аркылуу жиндерден
болгон жылаандар менен чыныгы
жылаандардын жана ошондой эле жиндерден
болгон иттер менен чыныгы иттердин бири-
биринен айырмаланып турганын төмөндөгү
хадистер менен ажыратып берейин. Пайгамбар
(Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!)
айткан: "Израилдин уулдары (жөөттөрдү)
Аллахка баш ийбегендиктен, аларды чочколор
менен маймылдарга айландырып койгондой
эле, жиндерди да жылаандар менен иттерге
айландырып койгон" Ат-Табарани, "Силсилат
Ал-Ахадис сахиха" деген китебинде:4т.439б.
Ошентип Шейх Албани "Силсилат Ал-Ахадис
сахиха" деген китебинде мындай деп эскертүү
берип жатат: "Азыркы күндөгү көрүп жаткан
жылаандардын баардыгы жылаандарга
айландырылган жиндерден келип чыкты деп
түшүндүрүлбөйт. Мунун мааниси - кантип
Аллах Таала жөөттөрдүн кээ бир урууларын
чочколор менен маймылдарга
айландыргандай, жиндердин кээ бир түрлөрүн
жылаандар менен иттерге айландырып койгон
дегенди түшүндүрөт. Бирок жылаандар менен
иттерге айланган жиндер жыныстык жол менен
көбөйө алышпайт. Буга пайгамбардын (Аллах
Ага дубай саламдарын жолдосун!) сөзү
далил: "Албетте, Аллах айландырылган
заттарына көбөйүп, тукум куудурганга уруксат
берген эмес" " .
Андыктан, жиндерден болгон жылаан -
үстүндөгү эки сызыгы, түтүктү үйлөгөндө
сойлоп бийлөөсү менен чыныгы жылаандан
айырмаланып турат. Эгерде түтүктү үйлөгөндө
сойлоп бийлей турган болсо, анда ал
жиндерден болгон жылаан. Себеби алар дагы
биздей угат жана баардык нерсени түшүнөт,
ошондуктан шайтандап бийлеп жатат. Ал эми
чыныгы жылаандын кулагы жок, ошол
себептен укпайт. Бирок ал тилин чыгаруусу
менен кыймылдап жүргөн заттарды сезет.
Буга пайгамбардын сөзү далил: " Албетте,
Мадинада жиндердин бир тобу Ислам динин
кабыл кылды, эгерде үйүңөрдө жылаанды
көрсөңөр, үч жолу "Аллахтын аты менен
айтам, чыгып кет" деп эскертсин, эгер кетпесе
өлтүргүлө, анткени ал шайтан" Муслим:2/1757.
Эгерде хадистин маанисине көңүл бура турган
болсок, бир нече пайдаларды алабыз:
1- Үйүңөрдөн жылаандарды көрсөңөр
"Чыккыла, Аллахтын аты менен айтам" дегиле.
Жиндерден болгон жылаандардын эки түрүн
бул хадисте пайгамбар (Аллах Ага дубай
саламдарын жолдосун!) айтып жатат. Алардын
биринчиси - мусулман, экинчиси - шайтан.
2- Үйлөргө кире турган жылаандар булар - бир
гана жиндерден болгон жалаандар экендиги
хадистин мазмунунда жатат.
3- Аларга (жиндерден болгон жылаандарга)
"чыгып кет" деп үч жолу же башка хадисте үч
күн бойу эскертүү бул шарт экендигин эстен
чыгарбоо .
4- Эгерде аларга (жиндерден болгон
жылаандарга) "чыгып кет" деп эскертүү
бергенден кийин, чыкпай турган болсо, анда
аны ошондо гана өлтүрүү уруксат экенин
билүү.
5- Аларга (жиндерден болгон жылаандарга)
бир гана Аллахтын аты менен гана эскертүү.
Жиндердин жашаган жерлери:
Кээ бир адамдар "жиндер жердин астында
жашайт"- деп айтышат. Бирок чындыгында
алар биз менен кошо жердин үстүндө
жашашат. Көбүнчө алардын жашаган жерлерин
айта кетсем:
1- Чөлдөрдө. Бул жөнүндө Ибн Масудтан
рибаят: "Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
саламы болсун!) ошол жерлерге барып
жиндерге дават кылып, аларды акыйкат жолгө
үндөгөн".
2- Ашканаларда. Бул жерлерде шайтандар көп
болгондугунун себеби, ар түрдүү тамак-аштар
менен суусундуктар бар. Андыктан, түрлүү
кафе-ресторандарда каапырлар айбанаттар
сымал жеп-ичип, ырахат алып жүргөндөрүн
көрөбүз. Ошол үчүн жин шайтандар бул
жерлерге учуп келип, "Бисмиллах" деп айтпай
сол кол менен жеп жаткан адамдарды көрүп,
алар менен кошо жеп-ичет. Ошентип шайтан
тойгондон кийин аларга арам ичимдиктерди
ичүүгө түрткү кылат. Натыйжада бул жинди
сууну ичкен соң адамдардын бири маймылга,
бири чочкого, бири арстанга айланып,
жаныбарлардын дүйнөсүн көрсөтүп
жаткандарын көрөбүз. Ошондуктан, Аллах
айткан: "Ал эми каапырлар болсо, мал сымал
ырахат алып, жеп-ичишет. Алардын жайы -
тозок!" Мухаммад:12 . Муслимдин хадисинде
Ибну Умардан рибаят: пайгамбар Мухаммад
(Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!)
айтты: "Эгерде ким тамак жей турган болсо,
анда ал оң колу менен жесин, эгерде
суусундук иче турган болсо, анда дагы ал оң
колу менен ичсин. Анткени шайтан сол кол
менен жеп-ичет"
3- Ажатканалар менен мончолордо. Зейд Ибн
Аркамдан рибаят пайгамбар Мухаммад (Аллах
Ага дубай саламдарын жолдосун!) айтты:
"Ажатканалар менен мончолорго кирээрде;
Аллах Таала, мен сени менен жиндердин
эркектери жана ургачыларынан сактанам" деп
айтыла. Абу Дауд, даарат бөлүгү.
4- Үңкүрлөр менен чуңкур, аңдарда. Катада
Ибн Абдулладан рибаят: пайгамбар (Ага салам
болсун!) айтты: "Чуңкурлар менен аңдарга
заара кылбагыла! Катададан элдер сурады: -
эмне үчүн чуңкурлар менен аңдарга заара
кылбоо керек? Ал айтты: Албетте, ошол
жерлерде жиндер жашашат" Насаий:1/33, бул
хадисти Албани "Таргиб ва Тахзиб" деген
китебинде туура деп айтты.
5- Адамдардын үйлөрүндө. Бул жиндерди
"аамир", көптүк түрү "ауамир" деп айтылат.
Бул жөнүндө пайгамбардын (Ага салам
болсун!) айткан хадиси: "Албетте, Мадинада
жиндердин бир тобу Ислам динин кабыл
кылды, эгерде үйүңөрдө жылаанды көрсөңөр,
үч жолу "Аллахтын аты менен айтам чыгып
кет" деп эскертсин, эгер кетпесе өлтүргүлө,
анткени ал шайтан" Муслим:2/1757.
7- Төөлөр жаткан короолордо. Абдулла Ибн
Макфалдан (Аллах Андан ыраазы болсун!)
рибаят: Аллахтын элчиси айтты: "Койлордун
короосунда намазыңарды окусаңар болот,
бирок төөлөр жаткан жерлерде намазыңарды
окубагыла, анткени алар (төөлөр) жин
шайтандардан жаралган жана ар бир төөнүн
жанында бирден шайтан бар" Ахмад, бул
хадисти Албани "Ирва" деген китебинде туура
деген (1/194).
8- Ээн талааларда . Көбүнчө көз ачык болуусу
үчүн адамдар ээн талааларга чыгып кетет
жана ал жерлерде бир нече түн жүрүп келип,
ар нерселерди сүйлөп, натыйжада бакшы
бүбүлөргө айланып кеткендери элдердин
эсинде калса керек. Ошондой эле ээн талаага
кеткен адамдардын арасында жинди болуп
келип, бейтапканаларда жаткандар да көп
кездешет. Ошол үчүн пайгамбар (Аллах Ага
дубай саламдарын жолдосун!) сапарга
чыксаңар жалгыз чыкпагыла, жолдошуңар
шайтан болот деп айткан.
9- Мүрзөлөрдө. Жиндер көбүнчө мүрзөлөрдө
жашашат. Бул жөнүндө шариатта көптөгөн
далилдер камтылат. Ошол үчүн көз ачыктын
максаты, адамдарды Аллахка эмес
шайтандарга сыйындыруу. Натыйжада көз
ачыкка барган адам акчасын тапканы менен
ыйманын жоготот. Көз ачык мындай деп
адамдарды арам ишке багыттайт: "Баланча
олуянын күмбөзүнө барып андан сурангыла
жана анын арбагына арнап курбанчылык
чалгыла" Мына ошол жөнүндө имам Бухаринин
хадисинде Мухаммад (Аллах Ага дубай
саламдарын жолдосун!) мындай деген: "Ким
Аллахтан башкага курбанчылык чала турган
болсо, анда ал Аллахтын каргышына калат"
Бул жерде баланча олуя адамды канчалык
жакшы көрбөйлү, аны Кудайдай ыйык тутуп,
натыйжада ага сыйынуудан баш тарталы.
Анткени Аллахка эч ким тең келе албайт.
Аллах айтат: " Айт: Ал-Аллах жалгыз! Аллах-
Самад (Беймуктаж) . Ал туудурбаган жана
туулбаган! Ага эч ким тең эмес! " Ихлас:1-4.
Эми ошол мүрзөлөрдү зыярат кылган
адамдарга олуя эмес жиндер анын кейпинде
көрүнүп, же түшүнө олуянын өңүндө келип
ыраазычылыгын билдирип кетет. Өзүңүздөр
ойлосоңуздар, тирүү адамга кантип өлгөн
адам жардам берсин? Тескерисинче өлгөн
адамдар, биздин аларга дуба
кылууларыбызды тиленип турушат. Ошол
себептен өлгөндөргө куран окуп, аларга дуба
кылып жатабыз.
10- Базарларда . Бул жерлерде ар кандай
адамдар бар. Ошол жерлерде арам иштердин
түрлөрү көп жана ошондой эле арам нерселер
дагы сатылат. Ошол себептен, пайгамбар (Ага
салам болсун!) сахабага мындай осуят
калтырып кеткен: "Эң биринчи болуп базарга
кирбегенге аракет кыл жана эң акыркы болуп
базардан чыкпаганга аракет кыл, анткени, ал
жер шайтандардын согуша турган майданы
жана ал жерде шайтандар байрактарын
орноткон" Муслим, Мажму Ал-Заваид:4/77.
Бул хадистин мааниси - Ошол жерлерде
шайтандар адамдардан болгон санаалаш
досторун арам иштерди жасаганга түртөт.
Аллах айтат: " Ким Мээримдүү Аллахты
эстегенден баш тарта турган болсо, анда ага
шайтанды жолдош кылып койобуз. Ошентип
ал (шайтан) анын жакын санаалашы болуп
калат" Зухруф:36. Ал эми арам иштердин
арасына киргендерди санап кетсек; таразадан
алдоо, арам эттерге адал деген жазууларды
коюп алдап сатуу, уят дисктер, түрлүү
шараптар ж.б. нерселер. Ошондой эле
базарларда сатуучулар менен сатып
алуучулардын көбүнчөсүн аял заты түзүп, ар
түрдүү бузукулукка алып барат. Анткени
шайтандын айла- амалы аял зат аркылуу
таасирлүү болот. Аллах айтат: " Ошондо анын
(Жусуп пайгамбардын) көйнөгүнүн арт
жагынан айрылганын көргөн (Вазир: Жусуп
пайгамбардын көйнөгүн айрыган аялдын
күйөөсү) мындай деди: "Бул, аялдар,
силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин
(аялдар) айла-амалыңар улук экен! "
Юсуф:28 . Бирок Аллах Таала шайтандын айла-
амалдарын алсыз деген Аллах айтат: "Ыйман
келтиргендер Аллахтын жолунда согушат. Ал
эми каапырчылык кылгандар Таагуттун
(шайтандын) жолунда согушат. Силер (ыйман
келтиргендер) шайтандын досторуна каршы
согушкула. Албетте шайтандын айла-амалы
(ар качан) алсыз" Ниса:76.

Комментарии (0)

Показать комментарий
Скрыть комментарий
Для добавления комментариев необходимо авторизоваться
Битва титанов
Впервые на мобильниках! Игра, о которой ходят легенд...
Тема: Светлая | Тёмная
Версия: Mobile | Lite | Touch | Доступно в Google Play